Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Аманатчылар Жогорку Кеңешти акмалайт


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына беш жүзгө жакын аманатчы нааразылык акциясына чыгышты. Алар буга чейин ар кандай жолдор менен алдырып койгон акчасын кайтарып берүүнү талап кылышты. Нааразылык акциясына чыккандар менен депутат Николай Байло жолугушуп, аманатчылардын акчасын кайтарып берүү үчүн парламент тийиштүү токтом кабыл алганын, эми маселе өкмөттүн аны аткаруусунда тургандыгын билдирди. Аманатчылардын өкүлү Жолборс Мырзапаязовдун билдирүүсүнө караганда, бул ирет «Рентон групп», «Камкор» камсыздандыруу компаниясына жана СССРдин убагында сактык кассасына акча салып күйүп кеткендер, коммерциялык банктардын аманатчылары биригип нааразылык акциясына чыкты.

XS
SM
MD
LG