Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Кыргызстанда адам укуктарын коргоо күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда алгачкы ирет адам укуктарын коргоо күнү белгиленди. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргызстанда Омбудсмен иниститутунун түзүлүшүнүн эки жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Акыйкатчы белгилегендей, Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу эң ириде өлкөдөгү тартип коргоо, сот системасындагы абал менен байланыштуу болууда. Өзгөчө жаза өтөө жайларындагы атуулдардын абалы оор. Жыйында ошондой эле Конституциялык соттун, Жогорку Соттун, Сот департаментинин өкүлдөрү, АКШ менен Россиянын Кыргызстандагы элчилери сүйлөп, өлкөдөгү демократиялык жараяндар, адам укуктарынын абалы боюнча көз караштарын билдирди. Салтанаттуу жыйында Кыргызстанда адам укуктарын коргоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова, «МСН» гезитинин саясий бөлүм башчысы Рина Приживойт жана башкаларга сыйлыктар тапшырылды.

XS
SM
MD
LG