ВЛАДИКАВКАЗ. Владикавказда "Азаттык" радиосунун кабарчысы Владимир Багровдун үстүнөн сот башталды. Багров Россиянын жарандыгын алуу үчүн жасалма документтерди пайдаланган, деп айыпталууда. Соттун угуусу ачык өтүп жатканы менен кабарчыларды сот залына киргизбей коюшту.