Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Вангари Маатиге Нобель сыйлыгы тапшырылды


ОСЛО. Осло шаарында Кениянын айлана чөйрөнү коргоочусу Вангари Мааитиге Нобель тынчтык сыйлыгы тапшырылды. Лауреат Вангари Мааити айым Африкада "Көк кырчоо" деген экологиялык уюмду түзүп, анын активисттери континентте 30 миллион дарак отуругузуп, өлкөнүн өсүмдүк дүйнөсүн калыбына келтирүүгө аракеттенген. Кечээ "Алтернативдүү Нобель сыйлыгы" деп аталган сыйлык укук коргоочу жана социалдык теңчиликтин күрөшкери Бианке Джаггерге тапшырылды.

XS
SM
MD
LG