Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленди


БРЮССЕЛЬ. Бүгүн Адам Укуктарынын Эл аралык күнү белгиленүүдө. Маалымат каражаттары быйылкы 2004-жыл журналисттер менен укук коргоочулардын өлүмү эң көп болгон жыл экенин айтып жатат. Журналисттердин Эл Аралык Федерациясы тараткан билдирүүгө караганда, быйыл ар түрдүү маалымат каражаттарында иштеген 120 журналист курман болду. Салыштыруу үчүн айта кетели, 2003-жылы 83, ал эми 2002-жылы 70 журналист курман болгон. Федерациянын баш катчысы Айдан Вайт Филипин бийликтерин өткөн 20 жылдын ичинде каза тапкан 60тан ашык журналисттин өлүмү үчүн эч кимди жоопко тарткан жок, деп айыптап, Ирак бийликтерин Ал-Жазира телеканалынын кеңселерин жапты деп сынга алды. Ирак өкмөтү араб телеканалын өлкөдө зордукчул аракеттерге шыкакчы болуп жатат, деп айыптаган. Адам Укуктарынын Эл Аралык күнү 10 декабрде, 1948–жылы Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында Адам укуктарынын декларациясы кабыл алынган күнү белгиленет.

XS
SM
MD
LG