Алардын баарын коопсуздук кызматтары Кветта шаарындагы кечээки кыянатка тиешеси бар дешет. Бул жерде жарылган бомбадан он бир киши набыт кетип, жыйырмадай адам жарадар болгон эле. Мунун алдында Пакистан коопсуздук кызматтары исламчыл бир топтун лидерин кармап, камашиы. Айтымда, анын тобу Ооганстанда ООНдун үч кызматкерин үч ай бою барымтада кармап турган. Туткундалып кеткен үч киши өткөн айдын этегинде бошотулган.