Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Морокконун борборунда өкүлчүлүктүү конференция аяктады


Ага Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштын 20дай мамлекетинен, ошондой эле өнөр жайлуу сегиз өлкөдөн келген жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты. Жыйын Жакынкы чыгышты демократиялаштыруу боюнча Вашингтон сунуш кылган пландын алкагында АКШнын демилгеси менен уюштурулду. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл региондогу өлкөлөрдө реформалар зарыл экендигин белгиледи. Арап мамлекеттер лигасынын президенти Амр Муса Жакынкы чыгыштагы жаңжал жөнгө салынганда гана реформага шарт түзүлөрүн эскертти. Сауд арапстандын тышкы иштер министри Вашингтондун региондогу саясатын сынга алды. Араздашуунун түпкү себеби америкалыктардын Израилге колдоо көрсөтүп жатканында турат, деп айтты сауддардын министри.

XS
SM
MD
LG