Бу тууралуу Ясир Арафаттын жакын абагайы Насер ал-Кидва билдирди. Палестин бийликтери 558 беттен турган документ адегенде кылдат таптиштелет, андан соң анын мазмуну элге жарыя кылынат, деп ишендиришти. Арафаттын эмнеден каза болгону алиге чейин белгисиз. Палестиналыктардын көбү аны Израилдин атайын кызматтары ууктуруп салды деп эсептешет. Израил муну четке кагууда.