БИШКЕК. Өлкөдөгү саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү үчүн курултай өткөрүүгө даярданууда. Кыргызстан элдик кыймылы блогуна кирген саясий партиялардын лидерлеринин маалымдоосуна караганда, декабрь айынын экинчи жарымынан кийин кыймылга кирген партиялар курултай өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз талапкерлерин атайт. Андан кийин тогуз партиянын биргелешкен жыйынында көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргызстан элдик кыймылынын атынан бекитилет.
«Алга, Кыргызстан» партиясы да декабрь айынын үчүнчү он күндүгүндө кезектеги курултайын өткөрмөкчү. «Алга, Кыргызстан» партиясы 75 шайлоо округунун көпчүлүгүнөн талапкерлерди көрсөтөт. «Элет» партиясы да курултайга даярдык көрүп жатат.