Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Кумтөр маселесине башкы прокуратура кирише баштадыбы?


БИШКЕК. «Кумтөр» кенинин «Центерра голд компани» ишканасына сатылышынын мыйзамдуулугун иликтеп берүүнү өтүнүп Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өлкөнүн башкы прокуратурасына кайрылган. Бул маселе боюнча башкы прокурордон ал катка жооп келди. Анда «Центарра голд компанисинин» акциясына «Кумтөрдүн» акциясын алмашуу жөнүндөгү «Камеко» менен кыргыз өкмөтү ортосунда түзүлгөн макулдашуу Конституцияга ылайык парламентте ратификацияланыш керек, деп айтылган. Мыйзам чыгаруу жыйыны жакын арада «Кумтөр» маселесин кароону белгилеп жатат.Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» долбоорундагы 70% акциясын жаңыдан түзүлгөн «Центарра голд компани» фирмасынын 30% акциясына өткөн жылдын соңунда алмашкан. Быйыл акциянын бир бөлүгүн 100 миллиондон Канада долларына саткан Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн мындай кадамдарын мыйзамсыз эсептеп, бул келишимди токтотуу максатында эки жолу токтом кабыл алган. Бирок ал өкмөт тарабынан аткарылган эмес.

XS
SM
MD
LG