Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:20

Дүйнөлүк соода уюму Иракты жана Ооганстанды мүчөлүккө кабыл алууга ниеттенүүдө


Бүгүн Дүйнөлүк соода уюму Иракты мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чечти. Уюмдун Женевада отурган чиновниктери бул процесс өтө узак убакытты талап кылаарын ачык айтышууда. Дүйнөлүк соода уюмунун башкы кеңеши Ооганстанды да мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого уруксат берди. 148 мамлекеттин башын бириктирип, эркин соода алакаларын түзгөн бул уюмга Иран көптөн бери өтө албай келатат. Анын арыздары биринин артынан бири артка кайтарылууда. Ирандын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүшүнө негизинен Кошмо Штаттары каршы болууда.

XS
SM
MD
LG