Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Испан премьери марттагы жардырууларды эларалык террор топтору ишке ашырган дейт


Испаниянын премьер-министри Родригес Сапатеро быйыл мартта Мадридде болгон жардырууга эларалык террорго тийешеси бар ислам радикалдары айыптуу деп билдирди. 11-марттагы Мадриддеги темир жолдо болгон жардыруулардан 191 адам набыт кеткен болчу.

- Биз – испандар терроризмдин эмне экенин азыр эле билип жаткан жокпуз. Биз аны менен 30 жылдан бери алышып келатканбыз. Испаниянын буга чейинки өкмөттөрүнүн бири дагы ага тизе бүгүп багынган эмес. Алардын ар бир соккусу биздин баалуулуктарды бекемдеген, - деди премьер-министр.

Сапатеро быйыл мартта ишке ашкан жардырууларды эларалык террорчу топтор жакшы даядыктан кийин ишке ашырган деп бүгүн парламенттик комиссия алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал бул сөздөрүнүн өлкөнүн чалгын кызматы, полиция, сот жана түрмө бийликтеринин маалыматына таянып айтып жатканын да эске салды. Сапатеро менин айткандарым куру сөз эмес, жалаң фактылардан турган кашкайган чындык деди.

XS
SM
MD
LG