БИШКЕК. Кумтөр алтын кенинен алынган алтындын көлөмү эмне үчүн 81 гана процентти түзүп жаткандыгын «Кыргызалтын» ишканасы менен «Кумтөр голд» компаниясы иликтеп чыгат. Аталган ишканаларды буга дүйшөмбүдө Премьер-министр Николай Танаев милдеттендирди. Өкмөт башчынын айтымында, кенден алынган алтындын көлөмү 81 гана процентти түзүшү мүмкүн эмес,себеби, дүйнөлүк практикада мындай аз көлөмдөгү алтын алынган факт жок. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, экс-өкмөт башчы Курманбек Бакиев Кумтөр алтын кенинен алынган пайда тууралуу так маалыматты эл аралык көз карандысыз комиссия гана аныкташы мүмкүн экендигин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы кендер жана алардан алынган пайда тууралуу так маалыматты өлкөдөгү бир дагы комиссия же мекеме бере албайт.