Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Куш чатагы уланууда


Бишкек. “Бишкек шаарынын бир округуна Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигимди койом, дегенден баштап мага ар тараптан кысым көрсөтүлө баштады. 13-декабрда Башкы прокуратуранын орун басары Галина Пугачева баштаган прокуратуранын беш кызматкери жана милиция кызматкерлери эч кандай уруксааты жок, атайын куш багуучу жайда багылып жаткан 11 ителгини алып кетишип, анда иштеген Жыпар аттуу кызды мыйзамсыз камап коюшкан. Иштин чоо жайын билүү максатында эртеден кечке дейре Баш прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин иш бөлмөсүнө кире албадым. Эч бир күнөөсү жок камалган Жыпарды камактан бошотуп чыктым”, - деп билдирди Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ассоцациясынын жетекчиси Токтоайым Үмөталиева. Анын айтымында, 27-октябрда Кант аба майданында кармалган жүздөн ашуун ителгинин ичинен канат-куйругу сынган, учууга жараксыз 11 ителгини тиешелүү кызматтардын уруксаты менен атайын куш өстүрүүчү жайда өстүрүп жаткан. Мыйзамдын чегинде документтер даярдалып жаңыдан бүткөн. Ал эми окуянын чоо жайын билүү максатында Башкы прокуратурага кайрылганыбызда, иш мезгили аяктагандыгына байланыштуу кеңседе эч ким жоктугун күзөт нөөмөтүнөн билдирди.

XS
SM
MD
LG