Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

Коалиция президентти сабырдуу болууга чакырды


БИШКЕК. Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы президент Аскар Акаевдин 10-11-декабрь күндөрү сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда президенттин парламенттик шайлоону калыс жана таза өткөрүүгө чакырган кайрылуусун колдой тургандыгын, бирок, оппозиция бийликке келүү үчүн «чет өлкөлүк ыплас саясий технологияны колдонуп жатат» деген билдирүүсү тынчсызданууну жаратат деп жарыя кылды. Президенттин мындай баасын негизсиз деп эсептеген коалиция адилет шайлоо өткөрүүгө милдеттенген мамлекет башчы өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн, анын ичинде оппозициянын көз караш, аракеттерине сабырдуулук менен мамиле кылуусу зарыл экендигин билдирди. Андан тышкары коалиция шайлоо маалында бардык саясий партиялардын, атуулдардын өз пикирин ачык билдирүү, чогулуш өткөрүү укугун кепилдөөнү, куугунтуктоолорду болтурбоону, бардык талапкерлерге бирдей шарттарды түзүүнү жана өкмөттүк массалык маалымат каражаттарынын бейтарап маалымат берүүсүн камсыз кылууга мамлекет башчыны чакырды.

XS
SM
MD
LG