Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Исламабад шаарында индо-пакистандык сүйлөшүү башталды


Пакистандын Исламабад шаарында бүгүн Индия менен Пакистан ортосундагы эки күндүк сүйлөшүү башталды. Жолугушуу учурунда өзөктүк жана башка куралдарды чектөө, эки өлкө ортосунда ишеним арттыруу маселелери талкууланат. Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Масуд Хандын айтымында, ракеталык сыноолор тууралуу эки өлкө бир-бирине алдын ала маалымат берүү жөнүндө келишимге, ошондой эле жана башка документтерге кол коюлмакчы. Үстүбүздөгү жылдын июнунда өткөн сүйлөшүүдө Индия менен Пакистан өзөктүк сыноолорго мораторий жарыялаган.

XS
SM
MD
LG