Украинадагы президенттик шайлоо учурунда оппозициялык талапкер Виктор Ющенко ууктурулгандыгы тууралуу өлкөдө эки башка тергөө башталды. Прокуратура кылмыш ишин ачып, өз тергөөсүн жүргүзүүдө.Парламент да атайын комиссия түздү. АКШнын мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучер окуя тууралуу өз тынчсыздануусун билдирди: "Биринчиден, биз Ющенкого ылдам айыгууну каалайбыз. Экинчиден, доктурлардын бүтүмү бизди өтө тынчсыздандырат, алардын айтымында, Ющенко диоксин менен ууланган. Биз окуянын - ага кантип жол берилгенин, анын артында ким турганын анын себеби эмнеде экенин - ачык жана толук текшерилишин талап кылабыз". Экинчи талапкер, премьер-министр Виктор Янукович болсо кечээ күнү АКШны күнөөлөп, Ющенконун шайлоо өнөктүгүн Вашингтон каржылаган деп чыкты, АКШ өкмөтү аны бүгүн жокко чыгарды. "Файненшл таймс" гезити 14-декабрда жазганга караганда, Янукович президент Леонид Кучмага кайрылып, Киевдеги митингдерди күч менен таратууну сунуштаган, Янукович андай маалыматты бүгүн четке какты.