Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

КАРЫЗГА ТӨЛӨНЧҮ АКЧАЛАР, ОРУСИЯДАГЫ УКУКСУЗ КЫРГЫЗДАР, ДЕМОКРАТИЯ КОДЕКСИН ОКУБАГАН ЧИНОВНИКТЕР, ТҮТҮНГӨ ЧАКАГАН БИШКЕК


Демократиялык коопсуздук коомдук кеңешинин демилгеси менен Кыргыз улутук илимдер академиясында өзгөрүп бараткан дүйнөдөгү демократия маселелерине арналган илимий-практикалык конференция өткөнүн шейшембидеги «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу», «Эркинтоо» гезиттери маалымдашты.

Жыйында чыгып сүйлөгөн президент А.Акаев демократия коом ичинде өнүп чыгып, өлкөнүн тарыхый практикасы менен тажрыйбасына шайкеш келгенде гана калк көңүлүнөн түнөк табарын белгилеген. Мамлекет башчынын айтымында, бу демократия дайым эле бир калыпта өнүгүү жолунда болбойт, кээде токтоп, кыйлага тыным алган соң гана сапарын улашы ыктымал. Ушу тапта чоң сынга кабылган азыркы бийлик 1991-жылкы кысталыш кырдаалда демократияга багыт алып, мамлекеттик күнкорсуздукту жарыя кылган, деп билдирди А.Акаев.
Айтса, илимий чогулуштан аз өтпөй президент демократиялык коопсуздук кеңеш жыйынын чакырып жергиликтүү бийлик жетекчилери Демократиялык кодексти элге түшүндүрбөй жатышканын айтып чиновниктерди сынга алганын «Кыргыз туусу» гезити жазып чыкты.

Ушул эле басылманын жаңы санында Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзүбековдун маеги жарыяланган. Элчинин ырасташынча,

«Кыш башталып кетсе да Кыргызстан өзбек табигый газын ар түрдүү себептер менен ала албай отурат. Ушуга карабастан, Бишкекте жана Кыргызстандын түндүгүндөгү мекен-жайларда, дегинкиси ири ишканаларда көгүлтүр от жаркырап туру. Ал эми бул газдын Казакстандын үлүшүнөн бөлүнүп берилип жатканын экинин бири биле бербестир. Деги газ үчүн кыргыз тарап 10 млн. доллар карыз болсо да, газ берүү токтогон жок», дейт казак элчиси.

«Слово Кыргызстана» гезитинин жаңы санында А.Шерипбаевдин «Капчыктуунун өкүмзордугун» кантип тыюуга болот?» деген макаласы жарыяланган. Автордун ырасташынча, Кыргызстан коррупция деңгээли боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Мыйзам коргоо кызматкерлери көбүнесе майда чиновниктерди колу тукактыгы үчүн жоjпко тартышат. Жогорку кызматта тургандар жазасыз калышат, деп ырастайт макала автору.

Кыргызстандан Орусияга иштөөгө барган жалданма адамдардын 5 миңи гана мыйзамдуу уруксат кагазын алышкан. Калгандарын орус бийлиги каалаган учурунда жеринен кууп чыгышы ыктымал, деп жазат шейшембидеги «МСН» гезити. Басылманын ырасташынча, Орусия кыргызстандыктар келсе экен деп күтүп турган жери жок, бул жерде иштээрге иш табылбайт. Кыргызстан чоң үмүт арткан 26 ири ишкананын алтоо гана таланып-тонолбой калган. Кытайга темир сатып байыгысы келгендер ири заводордогу станокторду талап-тоноп жок кылышкан, деп маалымдайт Бишкек шаар кеңешинин депутаты Андрей Филатов.

Басылманын жаңы санында жарыяланган маегинде парламент депутаты Муратбек Мукашев экономикалык эркиндиги жок демократия болбостугуна токтолгон. Анын айтымында, эмдиги жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 37% тышкы жана ички карыздарды төлөөгө жумшалмакчы. Кыргызстанда эң төмөнкү айлык акы 100 сомдон өйдө көтөрүлбөй келатат. Аны дагы 100 сомго көбөйтүш үчүн кошумча 845 миллион сом талап кылынат, дейт Муратбек Мукашев.


Бишкекте жашаган ар бир адам жыл бою жок эле дегенде 20 кило уулуу зат түтүнүнөн дем аларын, башкалаа коркунучтуу ууга думугуп жатканын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде Данияр Каримов жазып чыкты. Жыл бою 300 миң тоннадан ашуун уулуу заттар Бишкекти каптап турат. Шаар асманы түтүнгө басылып, ооруган адамдардын саны көбөйүүдө. Бишкек зыяндуу түтүнгө чакап жатат, деп маалымдайт Данияр Каримов.
XS
SM
MD
LG