Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Коргоо министри «КАЗ» авиа компаниясы менен келишимди бузду


БИШКЕК. Коргоо министри Эсен Топоев «Кант» аба майданын «КАЗ» деп аталган жергиликтүү авиа компаниянын пайдалануусуна берүү тууралуу буга чейин түзүлгөн эки тараптуу келишимди чыгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Коргоо министринин маалымат катчысы Мурат Ашырбеков билдирди. Анын айтымында Кыргызстандын коргоо министри 2000-жылы «Кант» аба майданын жергиликтүү «КАЗ» авиа компаниясынын пайдалануусуна берүү тууралуу келишимге кол койгон. Эки тараптуу келишимден түшкөн акча кант аба майданын ондоого жумшалган. ««Кант» аба майданы Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн пайдалануусуна берилгендиктен, Кыргызстандын коргоо министри жергиликтүү «КАЗ» компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга аргасыз болду» деп кошумчалды Коргоо министринин маалымат кызмат жетекчиси Мурат Аширбеков.

XS
SM
MD
LG