БИШКЕК. 17-декабрда Бишкекте «Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде маалымат каражаттарынын ролу» деп аталган тегерек үстөл талкуусу өтөт. Бул иш чараны Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму, Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы жана Борбордук шайлоо комиссиясы биргелешип уюштуруп жатат. Анда парламенттик шайлоону чагылдыруу, үгүттөө материалдарын маалымат каражаттарына жайгаштыруунун тартиби, маалымат таратуудагы проблемалар жана аны чечүүнүн жолдору талкууланат. Жыйынтыгы боюнча сунуштар «Жарандык коом институттары жана Жогорку Кеңештин депутатарын шайлоо» деп аталган жакында өтүүчү республикалык 4-конференцияга жолдонот. Тегерек үстөлгө маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын, расмий бийликтин, жарандык коомдун 50 чамалаш өкүлү катышаары күтүлүүдө.