Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Бейөкмөт уюму өкмөт демилгесине каршы


БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму кыргыз өкмөтүнүн «Атуулдардын тынч митинг, нааразылык өткөрүүсү тууралуу» мыйзамына өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоорун жазып, Мыйзам чыгаруу жыйынына сунуштоосун колдобойт жана бийликтин мындай аракетин туура эмес деп баалайт. Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн аталган бейөкмөт уюму өлкөдөгү маалымат каражаттарына таратты. Ошондой эле билдирүүдө өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык Конституциялык соттун чечими акыркы чечим экендиги , анын чечими башка бийлик органдары тарабынан каралбай тургандыгы эскертилген. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Конституциялык сот бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн арызы боюнча «Атуулдардын тынч куралсыз митинг, пикет өткөрүүсү тууралуу» мыйзамдагы атуулдар нааразылык акциясына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүнүн уруксаты менен чыгат деген эрежени жокко чыгарган чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG