Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Кыргыз өкмөтү атуулдардын митинг өткөрүүсү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү «Атуулдардын тынч чогулуп митинг жана демонстрацияларды өткөрүү укуктары тууралуу» мыйзамына өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоорун , Мыйзам чыгаруу жыйынына сунуштады. Өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоорунда атуулдар келечекте тынч чогулуп нааразылык акцияларын өткөрүүгө жергиликтүү бийликтен уруксат алуу эрежеси каралган. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынын маалымат кызматынан кабарлады. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бейөкмөт уюмдардын айрым өкүлдөрүнүн арызы боюнча аталган маселе Конституциялык сотто каралган. Конституциялык сот «Атуулдардын тынч чогулуп митинг жана демонстрацияларды өткөрүү укуктары тууралуу» мыйзамындагы «атуулдар нааразылык акциясына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүнүн уруксаты менен чыгат» деген эреже Баш мыйзамга каршы келээрин негиздеп, аталган беренени жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG