Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

АКШ генералы Кыргызстанда


БИШКЕК. Кыргызстанда жумуш сапар менен жүргөн АКШнын аскеринин башкы командачылыгынын башчысы генерал-лейтанант Стивен Уиткомб бүгүн Коргоо министринин биринчи орун басары Мэлс Бекбоев, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Камчыбеков менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтердин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселелери талкууланды. АКШнын генералы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине мындан ары да техникалык жардам берилерин билдирген. Буга чейин Вашингтон бул министрликкке бир миллион доллардан ашуун суммага жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG