Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Аманатчылар пикетке чыгышты


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына «Рентонгрупп» фирмасына алданган атуулдар нааразылык акциясына чыкты. 300дөй аманатчы «акчабызды кайтарып бергиле» деп кыйкырып, бош казан-аякты каккылап турушту. Ал эми Эл өкүлдөр жыйыны алардын 184 миллион сомун кайтарып берүүнүн жол-жобосун талкуулап, анын соңунда токтом кабыл алды. Ал токтомдо «Рентонгрупптун» активдерин сатуудан түшкөн акчаны биринчи кезекте аманатчыларга берүү, Улуттук банктын таза кирешесинин 30% да аларга берүү өкмөткө сунушталган. Өкмөт бул долбоорду колдоду. Бул токтомду ишке ашыруу үчүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Улуттук банктын ишмердүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Эл өкүлдөр андай өзгөртүү киргизүү өтүнүчүн Мыйзам чыгаруу жыйынына жолдомок болду.

XS
SM
MD
LG