Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:44

Кыргызстан эл аралык долбоорго кошулду


БИШКЕК. Кыргызстан «Түндүк-Түштүк» аттуу эл аралык транспорт долбооруна кошулду. Мындай маалыматты бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги Ирандын Mehr news agencу маалымат агенттигинин кабарына таянып таратты. «Түндүк-Түштүк» эл аралык транспорт долбоору Суец каналы аркылуу Түштүк-Чыгыш Азия менен Европанын ортосунда жүк ташуу жолун эки эсеге кыскартып, Перси булуңу менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн Орусия менен катнашын арзандатат. Ушундан улам 2000-жылы «Түндүк-Түштүк» коридорун түзүү жөнүндөгү макулдашууга Орусия, Иран жана Индия кол коюшкан. Ага кийинчерээк Казакстан, Оман, Беларусь жана Тажикстан кошулган.

XS
SM
MD
LG