Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Украинада шайлоо үзгүлтүккө учурашы ыктымал


Украинанын президенттигине талапкер Виктор Ющенко анын атаандашы 26-декабрда өтө турган шайлоону үзгүлтүккө учуратыш үчүн чагым жасаганы жатат деп билдирди. Ассошейтед пресске берген интервьюсунда Виктор Ющенко бийлик гана анын ууландырылышына жооптуу экенин дагы бир ирет бышыктады. Киевден алынган дагы бир маалыматка караганда Ющенко менен Янукович кийинки аптада телекөрсөтүү аркылуу таймашка чыгышат. Украинанын улуттук телекомпаниясынын директору Светлана Каразенконун ИТАР-ТАССка бүгүн айткан маалыматына караганда телетаймаш 20-декабрда Киев убактысы боюнча саат 19да башталат. Андан тышкары улуттук телекөрсөтүү аркылуу ар бир талапкер өз-өзүнчө да элге кайрылып, сөз сүйлөшөт. Ющенко 22- жана 24-декабрда, ал эми Янукович болсо 21- жана 23-декабрда экранга чыгышат. Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 26-декабрда кайра өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG