Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Министрдин орун басары окко учту

Ирактын байланыш министринин орун басары Кассим Мехави бүгүн эртең менен жумушка баратканда окко учту. Баш-аягы кол салуулардан бүгүн Иракта беш адам каза тапты. Соңку учурда мамлекеттик чиновниктер улам барган сайын көп өлтүрүлө баштады. Өлкөнүн убактылуу премьер-министри Аяд Аллави козголоңчулар 30-январда өтөөрү күтүлүп жаткан шайлоого карата кол салууларды күчөтөөрү бышык деген оюн айтты. Кечээ өлкөнүн коргоо министри Хазим аль-Шаалам Иран менен Сирияны Иракта террордук кол салууларды уюштуруп жатат деп билдирген. Эки мамлекет тең мындай айыптоону дароо четке кагышты.
XS
SM
MD
LG