Шайлоо комиссиясы жүзгө жакын саясий партиялар менен бирикмелерден депутаттыкка баары болуп 6400 кандидат көрсөтүлгөнүн ырастады. Сүннүлөрдүн лидери Аднан Пачачи талапкерлер арасында бардык тайпалардын,алардын ичинде шейиттер менен сүннүлөрдүн, араптардын, күрттөрдүн, түркмөндөр менен тарсалардын, атүгүл сабеизм мазабынын ыкласмандары бар экенин белгиледи. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл шайлоонун өтүшүнө ирактыктар өздөрү жоопкер болорун эске салып, ООН аларга көмөк көрсөткөнү жатканын, баш катчы Кофи Аннан Иракка кошумча персонал жөнөтүүнү чечкенин билдирди.