Жолугушуу төрт саатка созулду. Адвокаттардын айтымында, Саддам мурдагыдан кыйла тың көрүнөт. Былтыр декабрда Тикритте кармалгандан бери ага адвокаттар менен жолукканга уруксат берилген эмес. Ирак өкмөтүнүн өкүлү ырастагандай, Саддамдын соту 2006-жылга барып башталышы мүмкүн. Ирактын экс-диктаторуна аскери кылмыштарды жасаганы, адамгерчиликке каршы кыянат кылганы үчүн айып коюлган.