Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Сот Ноокат шаар башчылыгына шайлоо тыянагын Алымжан Якубжановдун кызыкчылыгына чечти


ОШ. Ушул жылдын 28-ноябрында Ноокат шаар башчылыгына шайлоо болуп өтүп, анын жыйынтыгында жергиликтүү жеке ишкер Алымжан Якубжанов алты атаандашынын ичинен эң көп добушту алып, шаар башчылыгына шайланган. Ноокат шаар башчылыгынын талапкерлеринин бири Касым Расмиев атаандашы Алымжан Якубжанов шайлоо күнү жасалма бюллетендерди пайдалануу жана шайлоо кодексин одоно түрдө бузуу жолу менен жеңишке жетишти деп айыптап райондук сотко кайрылган. Бүгүн 17-декабрь күнү Ноокат райондук соту Касым Расмиевдин арызын карап, Ноокат шаар башчылыгына шайлоолор шайлоо кодексинин чегинде өткөн деп белгилеп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын өзгөртүүсүз калтырган чечим чыгарды. Жаңы шаар башчысы болуп дайындалган Алымжан Якубжанов бүгүндөн баштап өзүнүн шаар башчылык милдеттерин аткарууга киришти. Ал эми аны шайлоодогу атаандашы Касым Расмиев райондук соттун чыгарган чечимине макул эмес экендигин айтып, адилеттик калыбына келтирилмейин облустук жана Жогорку сотко чейин кайрыла тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG