КАРАКОЛ. Балыкчы шаарында ОБСЕнин Бишкектеги борбору жана Социалдык технологиялар агенттиги тарабынан «Аялдардын жергиликтүү деңгээлде саясатка катышуулары» деген темада өткөрүлгөн тегерек үстөл жыйынында козголду. Бул иш чарада айтылгандарга караганда, ушул жылдын 10-октябрындагы жергиликтүү Кеңештерге облус боюнча шайланган 939 депутаттын 223 гана аялдар. Ысыккөл районундагы Тамчы айылдык Кеңештин депутаты Клара Орозалиеванын пикиринде, алдыдагы парламенттик шайлоонун шайтан оюндары башталды, Жогорку Кеңешке депутат болом дегендердин айрымдары эмитеден акча, ташкөмүр, ун тарата баштады. Колунда бар бай эркектерге аялдар канчалык акылдуу болсо да, аларга туруштук бере алышпайт, ошондуктан кыз-келиндерге жеңилдик берилиши керек, дейт Орозалиева.