БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө округдук-участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштерин чечүүгө кол кабыш кылуу максатында республикалык штаб түзүлдү. Буга байланышкан токтомду кыргыз өкмөтү кечээ жарыялады. Анын чегинде бардык министрликтер, тармактар, мекемелер шайлоонун уюштуруу-техникалык жагына жардам берет. Бардык күч структуралары Башкы прокуратура менен бирге шайлоого даярдык жана аны ишке ашыруу учурунда Кыргызстандын мыйзамдарынын жана коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлгө алат. Ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, айыл өкмөттөрүнө, аскер бөлүктөрүнүн башчыларына шайлоочулардын тизмеси менен өз маалында камсыз кылуу, тиешелүү штабдарды түзүү, шайлоо комиссияларын байланыш, транспорт, жана башка техникалык муктаждыктарга байланышкан маселелерди чечүү тапшырылды. Өкмөт мындай токтомду президенттин Парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыгына ылайык чыгарды.