Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Коргоо кеңешинин жыйыны Кыргызстанда экстремизмдин күчөшүнө бөгөт коюу маселесин карады


БИШКЕК. 17-декабрда өкмөт үйүндө Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Аны президент Аскар Акаев башкарды. Президенттин айтымында, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого байланыштуу өлкөдө коомдук-саясий кырдаал курчушу мүмкүн. Диний жана саясий экстремизмдин эл аралык террорчулук менен биригип кетүү коркунучу бар. Акаев Хизб-ут-Тахрир диний партиясынын ишмердүүлүгү аймакта террорчулукту күчөтүүгө олуттуу коркунуч туудурарын белгиледи. Ал ошондой эле жаңы коркунучтарды эске алып, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында Коргоо кеңеши тарабынан бардык күч структураларына жана аскер кызматына конкреттүү милдеттерди жүктөдү.
Коргоо кеңешинин күн тартибинде, 2004-жылдагы иштердин жыйынтыгы жана 2005-жылы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында маселе каралды.

XS
SM
MD
LG