Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Ющенко менен Янукович дүйшөмбү күнү телетаймашка чыгат

Украинада 26-декабрга белгиленген кайра шайлоонун алдында талапкерлер Виктор Ющенко менен Виктор Янукович 20-декабрда телетаймаш өткөрмөй болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын айтымында, таймаш эки саатка уланат жана мамлекеттик сыналгы аркылуу түз көрсөтүлөт. Шайлоонун экинчи айлампасы 21-ноябрда өткөрүлгөн, анда премьер-министр Янукович утту деп жарыяланган, бирок кийин Жогорку сот ал жыйынтыкты жокко чыгарды, Янукович болсо ал чечимди мыйзамсыз деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG