Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Жекшемби күнү Москвада ЮКОСтун ишканасын сатуу боюнча аукцион өтөт


Орусиянын Мамлекеттик мүлк комитетинин айтымында, 19-декабрга бергиленген аукцион өз убагында өтөт. Анда ЮКОС компаниясына таандык "Юганскнефтегаз" компаниясы сатылууга тийиш, анткени ЮКОС мурда өкмөткө салыктарды толук өлчөмдө төлөгөн эмес деп күнөөлөнүүдө. Экономикалык кудуретсиздик боюнча АКШнын соту болсо кечээ күнү аукционду өткөрбөй туруу жөнүндө чечим кабыл алды, анын күчү таза орусиялык компанияларга тарабайт, бирок Орусиянын "Газпромнефть", Франциянын "БиЭнПи Парибас" компаниялары же чет өлкөлүк банктар аукционго катышпаш керек. Орус бийлигинин айтымында, ЮКОС өкмөткө 28 миллиард доллар карыз, бирок "Юганскнефтегаз" андан алда канча арзан сатылууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн америкалык соттун чечимин саясий аракет деп атады.

XS
SM
MD
LG