Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Брюсселде Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу болуп өттү


Бүгүн Брюссел шаарында Европа Биримдигинин эки күндүк бийик жолугушуусу аяктады. Уюмга Түркияны кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр эмдиги жылы октябрда башталсын деген сунуш кечээ күнү айтылган, бирок Анкара Грек Кипр жумуриятын тааныш керек деген шарт коюлду. Түркия ага көпкө чейин макул болгон эмес, Швеция премьер-министри Горан Перссон бүгүн эскертүү да жасаган: "Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүнү Түркия өзү чечет. Биз аны чакырып жатабыз, бирок биздин шаттарыбыз бар". Саммитке катышкандардын айтымында, мунаса табылды, бирок ал тууралуу расми маалымат жарыялана элек. Биримдикке быйыл мүчө болуп кирген 10 мамлекеттин кээ бирлери менен Түркиянын азыр Европа Биримдиги менен байланышкан келишими бар жана ал келишим Кипрге дагы таркатылса, Анкара аны иш жүзүндө тааныган болот.

XS
SM
MD
LG