Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

«Атажурт» кыймылынын курултайы өткөрүлөт


БИШКЕК. Оппозиячыл маанайдагы «Атажурт» саясий кыймылынын курултайы үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында Бишкекте өткөрүлөт. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан төрт жүзгө жакын делегат чакырылды. Курултайда кыймылдын устав, программасы талкууланып бекитилип, аткаруу комитетинин төрагасы жана курамы кырк адамдан турган саясий кеңеши шайланат. Ошондой эле курултайда Кыргызстанды ушундай абалдан кантип алып чыгуу тууралуу экономика, айыл чарба, социалдык маселер, мамлекеттик түзүлүш жана экономика тармактары боюнча тогуз доклад жасалат. Бул тууралуу 17-декабрда «Азаттыктын» кабарчысына кыймылдын тең төрагасы Дооронбек Садырбаев билдирди.

XS
SM
MD
LG