Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Айрым депутаттар добуш берүүдө бармакка белги коюуга каршы


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы айрым депутаттар добуш берүү маалында шайлоочунунун сол колунун баш бармагына белги коюу жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгаруу үчүн депутаттардын колун топтоп жатышат. Мындай маалымат 18-декабрда палатанын депутаты Алевтина Проненкодон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, кол чогултуп жаткан депутаттар мыйзамды жокко чыгаруу маселесин ушул айда каралчу маселелердин күн тартибине киргизбей туруп каратуу аракетин көрүп жатышат. Ал эми белги коюу мыйзамын жокко чыгаруу талабы менен элдин колун чогултуп жаткан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, азыр чогулган колдордун саны 15 миңден ашып калды. Бул уюм мыйзамды жокко чыгаруу маселесин талкуулоо өтүнүчүн Мыйзам чыгаруу жыйынына да жолдогон.

XS
SM
MD
LG