Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Мушарраф куралдуу күчтөрдүн башчысы бойдон калат


Пакистандын президенти Первез Мушарраф мурда убада бергенине карабай өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башчысы бойдон калаарын билдирди. 18-декабрда берген телеинтервьюсунда Мушарраф анын себептерин кийинчерээк элге жасай турган атайын кайрылуусунда түшүндүрүп берүүгө сөз берди. Мурда Пакистандын президенти оппозиция менен, биринчи кезекте ичламчылар менен соодалашкан болчу жана ага ылайык ал куралдуу күчтөрдүн башчылык кызматын жаңы жылга чейин өткөрүп бермек. Ал эми оппозиция болсо өз кезегинде Мушаррафтын бийлик укуктарын кеңейтүүгө макул болгон.

XS
SM
MD
LG