Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:32

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат


2.2 миллион түркмөн атуулунун добуш берүүгө укугу бар, жана алардын активдүүлүгү жогору болуп жаткандыгы кабарланууда. Расмий маалыматтарга ишенсек, түшкө чейин шайлоочулардын 61 пайызы добуш берди. Мындан беш жыл мурда парламенттик шайлоого алардын 99.6 пайызы катышты деп жарыяланган эле.

Межилистин укуктары жокко эсе. Ниязов бүгүнкү шайлоо демократиялык суроо-талаптарга жооп берет деп ырастаган. Өлкөдө бир гана Ниязовдун Демократиялык партиясы каттоодон өткөн. Ал эми оппозициячыл партиялар жана кыймылдар негизинен сүргүндө иш алып барышат. Түркмөнстандын өкмөтү бүгүнкү шайлоого чет элдик байкоочуларды чакыруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG