Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Ал-Каида Саударавиянын мунай тармагын таш талканын чыгарууга чакырык таштады


Саударавия дүйнөдөгү эң ири чийки мунай экспорттоочу болуп саналат. Чакырык кечээ Интернетте жарыяланды жана анын чынында да ал-Каида уюмуна тийешелүү экени белгисиз. Билдирүү ошондой эле согушчандарды бардык чет элдик буталарга кол салып, Араб жарым аралын каапырлардан жана тирандардан арылтууга чакырат.

Өткөн бейшембиде Интернетте жайгаштырылган аудио-кайрылуусунда ал-Каиданын жол башчысы Осама бин Ладен АКШга каршы согушта, Перси булуңундагы жана Ирактагы мунай ишканаларын жок кылуудан ашкан күчтүү курал жок деген эле. Интернеттеги бул билдирүүнүн да чынында эле бин Ладенге тийешелүү экенидиги ырасталган жок.

XS
SM
MD
LG