БИШКЕК. Кытай өкмөтү Кыргыз өкмөтүнө 2,5 миллион доллар кайтарымсыз техникалык жардам берет. Мындай келишимге 17-декабрда Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Жан Ян Ян кол коюшту. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, кытай тарабынан берилген жардам кыргыз өкмөтү тарабынан келечекте тиешелүү министрликтерге бөлүштүрүлөт.