Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

К.Өмүралиев: «Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшө алат»


БИШКЕК. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун эксперттери кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы күрөшүүгө саясий эрки жетет деп ишенишет. Бул тууралуу 20-декабрда ак ниет башкаруу боюнча консультативдик кеңештин катчылыгынын жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, уюмдун эксперттери мындай бааны уюмдун Париж шаарында өткөн жыйында «Кыргызстандын коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдары менен укуктук базасы» жөнүндөгү маалымат менен тааныштыруу маалында билдиришкен. Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Акылбек Жумабаевдин айтымында, уюмдун эксперттери маалыматтан кийин мамлекеттик кызмат, кызматкерлердин кирешесин жарыялоо жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин жакшыртуу үчүн бир катар сунуштарды беришти. Андан тышкары киреше боюнча комитетте финансылык чалгындоо бөлүмүн түзүп, саясий партиялардын шайлоо фонддорду түзүүдөгү каражаттарына көңүл бурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG