БИШКЕК. «Жеке унаалардын айдоочулары менен ижарачылардын» республикалык коомдук бирикмесинин өкүлдөрү өз укуктарын коргоо үчүн борбордук Алатоо аянты менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыгышат. Бул тууралуу «Ак жол» автобекетинин өкүлдөрү АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйыны «Транспорт жөнүндөгү» мыйзамга 17-декабрда киргизген, тактап айтканда, шаар жана эл аралык жолдо жүргөн жүргүнчүлөрдү автостанциялардан жөнөтүүгө тыюу салган өзгөртүү жүздөгөн айдоочулар менен автостанциялардын жумушчуларын ишсиз калтырат. Депутат Ишенбай Кадырбековдун демилгеси менен киргизилген өзгөртүү өзүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн гана кызмат кылат деген айдоочулар мыйзамга кол койбоого чакырган кайрылууну президентке жолдогон жатат. Ал эми Ишенбай Кадырбеков эл аралык багытта жүрүүчү жүргүнчүлөр автовокзалдардан жакшы тейлөө менен гана жөнөтүлүшү керектигин жана бул жерде өзүнүн эч кандай кызыкчылыгы жоктугун билдирди.