Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Эл өкүлдөр жыйынынын өз ишин улантууда


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынын 20-декабрда сессиясын улантып, палатанын «Дастан» акционердик коомунун мамлекеттик акциясын сатуу жана аны башкарууга өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу маселесин карады. Анткени,ишкананын директорлор кеңеши Орусиянын мамлекеттик акция бериле турган «Евразиятранс» компаниясы «Дастандын» стратегиялык өнөктөшү болуп бере албасын билдирип, токтомду жокко чыгарууну өтүнгөн. Директорлор кеңешинин төрагасы Султан Табалдиевдин айтымында, ишкананын өндүрүмдүүлүгү өткөн жылы 184 процентти түзгөн жана быйыл дагы эки эсеге өстү. Продукциясынын 90 проценти өзгөчө мааниге ээ болгондуктан «Евразия транс» компаниясы аны үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.Ал эми депутат Жаныш Рустембеков «Дастандын» өндүрүмдүүлүгү 40 гана процентти, анын ичинде жалпы багыттагы продукция 20 процентти түзөт деп, токтомду жокко чыгарууга каршы болду. Анын айтымында, стратегиялык өнөктөш болгон Орусия четке кагылса, кийин башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы жоголот. Палата токтомду кабыл алууну 21-декабрга калтырды.

XS
SM
MD
LG