Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:34

Иракта 50 чакты козголоңчу кармалды


Ирактын Нажаф шаарында кечээ болгон жарылууга тиешеси барлыгы шектелген 50 чакты козголоңчу кармалганын жергиликтүү бийликтер кабарлады. Жекшембиде шииттер ыйык деп эсептеген Нажаф жана Кербала шаарларында миналанган автоунаалар жардырылып, андан 62 киши каза таап, дагы 200гө жакын адам жаракат алган. Ирак шииттеринин лидерлери өз тарапкерлерин мунасага чакырып, 30-январда өтүүчү шайлоону үзгүлтүккө учуратпоого үндөдү. Шиит лидерлеринин бири Бакыр ал-Кубанчи террорчулар мындай аракети менен бизди коркута албайт деп билдирди:

- Нажафтагы жарылуудан негизинен бейкүнөө жаш балдар жана аялдар каза табышты. Биз террорчуларга алар бизди минтип коркута албасын айтып койгубуз келет. Биз шайлоону колдоо тууралуу турумубуздан кайтпайбыз жана анда бекем турабыз.

Ошол эле учурда өлкөнүн шайлоо комиссиясынын башчысы Абдул Хусейин ал-Хиндави коопсуздук күчтөрүнө кайрылып, өз кызматкерлеринин коопсуздугун сактоого чакырды.
Кечээ Багдадда куралданган белгисиз бирөө үч шайлоо кызматкерин атып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG