Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Теледебатта Ющенко украинче, Янукович орусча сүйлөдү


Кечээ кечинде Украина президенттигине негизги талапкерлердин теледебаты өттү. Оппозиция лидери Виктор Ющенко телетаймаш учурунда украин эли “эркин жана демократиялуу өлкөдө жашоо укугун жеңди” деп, атаандашы Виктор Януковичти өткөн шайлоо кезиндеги “массалык фальсификация” үчүн жооптуу деди украин тилинде сүйлөп. Ал эми орусча сүйлөгөн Янукович өзүн азыркы президент Кучманын бийлигинен четтетип, ал премьер учурунда экономика тез өсүп, пенсия жана маяна үзбөй көбөйтүлгөнүн айтты.
Янукович ырасмий түрдө 21-ноябрдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган. Бирок, Жогорку Сот добуш берүү учурундагы орой мыйзам бузууларга шилтеп, анын жыйынтыгын жокко чыгарган.
Украинада кайра шайлоо 26-декабрда өтөт.

XS
SM
MD
LG