Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

21-декабрда Кыргызстан элдик кыймылынын Аксы аймактык конференциясы болуп өттү


ЖАЛАЛАБАД. Кербен шаарында өткөн кыймылдын аймактык конференциясына «Асаба», «Эрк», «Коммунисттик» жана «Кайран эл» партиялардын мүчөлөрү менен жергиликтүү калктын 53 өкүлү катышты. Өлкөдөгү коомдук - саясий абал тууралуу бир тараптуу маалымат берилип, газеталар жетпей, «Азаттык» үналгысы уктурулбаганына нааразылык айтылган жыйында «Кыргызстан элдик кыймылынын» алгачкы курултайында кабыл алынган резолюцияларды аткаруу боюнча кыймылдын максат милдеттери, алдыдагы шайлоого камдануу жана уюштуруу маселеси талкууланды. Кыймылдын Аксы аймактык штабынын курамына 15 киши жана штабдын жетекчилигине «Асаба» партиясынын мүчөсү Тажымамат Туралиев шайланды. Райондогу 12 айыл өкмөткө да экиден өкүл бекитилгенин кабарлаган кыймылдын облустагы жетекчиси Ильяз Айсариев мындан ары башка аймактарда да жыйын болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG