Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

«Эрк» партиясы депутаттыкка талапкерин тандайт


БИШКЕК. 21-декабрда «Эркин Кыргызстан» демократиялык прогрессивдүү партиясынын саясий кеңешинин президиумунун жыйыны болду. Партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Бектур Асановдон алынган маалыматка караганда, анда партиянын 12-курултайын 25-декабрда өткөрүү чечими кабыл алынды. Курултайдын күн тартибинде эки маселе каралып, партиянын 27-февралда боло турган парламенттик шайлоого катышчу талапкерлеринин аты аталат. Бектур Асановдун айтымында, партия азыр 5 талапкерди көрсөтүүгө ниеттенип жатат жана алар «Кыргызстан элдик кыймылынын» кароосуна коюлуп, татыктуулары маарага чыгарылат.

XS
SM
MD
LG