Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Эл аралык валюта корунун жаңы программасы үч багытты көздөйт


БИШКЕК. Эл аралык валюта корунун 2005-2007-жылдардагы үч жылдык жаңы программасы финансы тармагын,эмгек рыногун реформалоо жана мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгын азайтуу максатын көздөйт. Программа валюта корунун Тапио Саавалайнен баштаган миссиясынын Бишкектеги сапары учурунда кабыл алынды. Таапио Саавалайнендин билдирүүсү боюнча, алдыдагы үч жыл ичинде кыргыз бийлиги тышкы карызды жоюу, бюджеттин таңсыктыгын азайтуу, салыкты толук чогултуу маселесине көңүл буруп, тыштан карыз алууга чек коюусу зарыл. Андан тышкары программаны талкуулоо маалында көмүскө экономика маселесине катуу көңүл бурулуп,Эл аралык валюта корунун миссиясы салык системасын тартипке келтирүү,коррупция менен күрөшүүнү жолго коюп,социалдык салыктардын көлөмүн азайтуу керектигин билдирди. Мындай маалымат Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан 21-декабрда алынды.

XS
SM
MD
LG